Бишкекте 740 жумушчу жолду тазалап жатат

иллюстрациялык сүрөт.

34 атайын жол тазалоочу техниканын 21и кар күрөй турган машина. Жолдогу тоңду эритүү үчүн 6-февралда 400 тоннадан ашуун кум жана 55 тонна техникалык туз чачылган. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын өкүлү Алтынбек Насирдинов "Азаттыкка" маалымдап, жол тазалоо иши ушул тапта да уланып жатканын айтты:

- Жолду тазалап, кум-туз себүү ишин түндө саат бирлерде баштаганбыз. Ушул убакытка чейин уланып жатат. Техникалардан тышкары 740 аймакта жумушчуларыбыз иштеп жатат. Таңында алар алгач аялдамаларды күрөйт. Андан кийин тротуарларды тазалайт, - деди Алтынбек Насирдинов.


Насирдиновдун маалыматы боюнча, тазалоо иштерине жол боюнча токтотулган автоунаалар тоскоолдук жаратууда. Кар тазалоочу машиналар аларды айланып өтүүгө аргасыз болуп жатат.

6-февралга караган түнү аба ырайында кескин өзгөрүү болуп, Бишкекке, Чүйгө кар жааган. (ZKo)