Орусиялык турист Алексей Домбровский менен анын жубайына Эквадордун борбору Китодо белгисиз төрт киши кол салган.
Бул маалда туристтер мейманканадан сыртка сейилдегени чыккан.
Каракчылар Домбровскийге бир нече жолу бычак урушкан. Окуя болгондон кийин полиция келген, жарадар болгон орус жараны ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей жан берген.
Бул тууралуу Эквадордогу Орусиянын консулу Андрей Алексеев ТАССка маалымдаган. Консулдун сөзү боюнча кол салгандардын үчөө кармалган, төртүнчү киши кармалгандардын биринин тууганы болуп чыкканын белгилеген консул ал да жакын арада кармалат деген үмүттө.
Дипломаттын маалыматына караганда Эквадордо, анын ичинде Китодо акыркы убакта кылмыштуулук күч алган. Ал Эквадорго баргысы келген орусиялык мекендештерине этият болууну, ири суммадагы акча, кымбат жасалгалар менен жүрбөөнү эскертти.