Брюсселде Македонияны НАТОго кабыл алган келишимге кол коюлду

Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, 6-февраль, 2019-жыл.

НАТОго кирген 29 мамлекет Македония менен Грекиянын ортосундагы алакалар бир нукка түшкөн соң бул өлкө менен тарыхый келишимге жетишти.

Брюсселдеги салтанаттуу иш-чарага Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров катышты. Документти НАТОго кирген бардык мамлекеттер ратификациялагандан кийин Македония Түндүк-Атлантикалык альянстын 30-мүчөсү болуп калат.

Македония менен Греция былтыр келишимге келип, македондор өз өлкөсүнүн аталышын Түндүк Македония Республикасы деп өзгөрткөн.

25-январда Грекиянын парламенти кошуна Македония менен мамилелерди жакшыртууга багытталган тарыхый келишимди жактырды.