“Кыргыз темир жолу”: "Ишкана Орусияга сатылат" деген сөздөр жалган

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын поезди. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы «сатылышы мүмкүн» деген кабарларга байланыштуу бул мекеме атайын билдирүү таратып, андай маалыматтарды төгүндөдү.

Ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов бул ушактарга себеп болгон Москва шаарындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов менен «Орусия темир жолу» ачык акционердик коомунун башкы директору Олег Белозёровдун жолугушуусундагы сөздөр жөнүндө буларды айтты:

- Жолугушуунун күн тартибинде Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, Орусиянын жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорун сатып алуу, Орусия-Кыргызстан поезд каттамы боюнча билет бааларын арзандатуу жана «Кыргыз темир жолунда» ижарада иштеп жаткан «Орусия темир жолу» ачык акционердик коомунун локомотивдерин «Кыргыз темир жолунун» менчигине өткөрүп берүү маселелери каралды. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун илгерилетүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу жөнүндө сөз болду. Жакын арада Орусиядан тажрыйбалуу кеңешчилер келет деп күтүп жатабыз. Бул жолугушууда «Кыргыз темир жолу» ишканасын сатуу маселеси каралган эмес. Бул ишкана мамлекеттик ишкана болуп эсептелет, «аны Орусияга сатып жиберишет деген» сөз жалган маалымат. Андай маселе бүгүнкү күн тартибинде жок.

Канатбек Абдыкеримов менен Олег Белозёров Москвада 30-январда жолуккан. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышкан эле.

Буга чейин аталган жолугушууга байланыштуу коомчулукта «Кыргыз темир жолу» ишканасын Орусияга сатуу жөнүндө кеп чыккан. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга келишин утурлай да козголгон эле. «​Азаттык»​ да өз иликтөөсүнө бул маселелерге токтолгон. (ErN)