Чоң-Алайда кар көчкү баскан машинеден жүргүнчүлөр аман чыгарылды

Кар көчкү басып калган автоунаа жана жүргүнчүлөрдү куткаруу учуру.

Чоң-Алай районунун Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) 6-февралга караган түнү кар көчкү басып калган “Деу Матиз” автоунаасындагы эки адам аман-эсен чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу менен жүргүнчүнүн абалы жакшы. Министрликтин №88 өрт-куткаруу бөлүмүнөн жана №16 жол-тейлөө ишканасынын техникасы жана кызматкерлери куткаруу иштерин жүргүзүп, жолду ачышты.

Мындан сырткары түнкү 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болуп, анын кесепетинен 70 жүргүнчү бараткан 16 автоунаа жолдо калган. Күрткү толугу менен тазаланып, жол ачылды. Жүргүнчүлөр бул жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан эки мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.

Ошондой эле Дароот-Коргон - Чак - Жаш-Тилек жолун жаап калган кар көчкү да тазаланды. (ErN)