Баңгизаттардын жаңы түрлөрү менен күрөшүүнүн жолдору талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Баңгизаттардын жаңы түрлөрү: алдын алуу жана дарылоо, маалымат жыйноодогу мыкты тажрыйба" деген аймактык иш-чара башталды. Анда Борбор Азия аймагында баңгизаттын жаңыдан пайда болуп жаткан түрлөрү, мамлекет көрүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилет. Иш-чараны уюштуруп жаткан CADAP программасынын коомчулук менен байланышуу кызматкери Асел Секимованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, анда Евробиримдик өлкөлөрүнөн келген адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

- Эки күндүк иш-чарада Борбор Азиядан келген катышуучулар Германиядан, Британиядан келген адистер менен кошо жаңы пайда болуп жаткан баңгизаттардын коркунучу тууралуу маалымат алып, ага каршы туруу боюнча тажрыйбасынан бөлүшөт, - деди ал.

Иш-чарага Кыргызстандан Баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөш боюнча кызматынын жетекчиси Олег Запольский баштаган тиешелүү адистер катышары күтүлүүдө.

"Борбор Азияда Баңгизаттарды жайылтуунун алдын алуу программасынын (CADAP) маалыматы боюнча, Европа өлкөлөрүндө адистер жума сайын баңгизаттын жаңы түрүн аныкташат. Маалыматка ылайык, акыркы убактарда баңгизаттардын басымдуу бөлүгү Кытайдан ташылат. Борбор Азиянын Кытайга жакын жайгашуусу аймакта бул коркунуч эселеп кооптуу экени айтылып келет. (ZKo)