Сапар Исаковдун иши Башкы прокуратурага өттү

Сапар Исаков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган иш боюнча негизги айып тагылган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура беш күн ичинде айыпты бекитип, айыпталып жаткандарга угузушу керек. Андан кийин иш сотко жөнөтүлөт. Сот ишти алгандан кийин он күндүн ичинде баштапкы угууларын өткөрүшү зарыл.

Ишти УКМКдан өткөрүп алганын Башкы прокуратура да ырастады.

Буга чейин адвокат иштин материалдары 53 том болгондуктан аны менен таанышууга жетишпей жатканына даттанган болчу.

УКМК Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын 8-январда билдирген. Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коюлган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Сапар Исаков 13-февралга чейин камакта калган. (ErN)