Сочиде Путин, Эрдоган, Роухани Сирия маселесин талкуулашат

Президенттер Роухани, Путин жана Эрдоган Сочидеги жолугушууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын лидерлери 14-январда Сочи шаарында жолугуп, Сириядагы кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу түрк жана орус маалымат каражаттары кабарлашты.

3-февралда тараган кабарларда Владимир Путиндин, Режеп Тайып Эрдогандын жана Хасан Роуханинин жолугушуусунда каралчу маселелер айтылган жок.

Орусиянын НТВ каналы лидерлер Сириянын Идлиб аймагындагы “де-эскалация тилкелериндеги" жагдайды жана АКШ аскерлеринин согуш жүрүп жаткан жерлерден чыгып кетишин талкуулашат.

Буга чейин үч мамлекет сегиз жылга аяк баскан Сирия согушун басыш үчүн саясий чечим кабыл алуу ниетин билдиришкен.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия менен Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан 2000 аскерин чыгарып кетерин күтүүсүздөн жарыялаган соң Орусия менен Түркия согуш болуп жаткан аймактарда аскердик операцияларын өз ара координациялоону макулдашкан.

Сирияда 2011-жылдан бери басылбаган согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Беш миллиондой адам качкынга айланды.