Сергей Лавров Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүрөт

Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-февралда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анын жолугушуулары 4-февралда башталганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сергей Лавров менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолугат. Андан кийин расмий маалымат таратылат.

Быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Лавровдун менен ошол сапардын алкагындагы талкуу болору кабарланган.