Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу 4-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңеши - мамлекет башчынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чечимдерин даярдоочу, кеңеш берүүчү конституциялык орган. Анын катчылыгына 2018-жылдын мартында Дамир Сагынбаев дайындалган.