Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат

1979-жылдын 1-февралындагы Тегерандагы көрүнүш.

Иранда бүгүн Ислам революциясынын 40 жылдыгы белгиленип жатат. Ыңкылапта шахтын бийлиги кулатылып, 2,5 миң жылдык монархияга чекит коюлган.

1979-жылдын 1-февралында Аятолла Рухолла Хомейни 14 жылдан кийин Франциядагы бозгундан кайтып келип, Иран Ислам жумуриятынын лидери болуп калган.

Жума күнү өлкөнүн булуң-бурчунда эртең мененки саат 9.33тө сиреналар жаңырды. Дал ошол убакытта 40 жыл илгери Хомейнинин учагы Тегеран аэропортуна конгон.

11-февралда шах Мохаммад Реза Пахлавинин өкмөтү кулап, өлкө ашынган шийит диниятчыларынын колуна өткөн.