Таза суунун камын көргөн элеттиктер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ак-Суу районунун Жол-Колот айылы таза суу боюнча бир топ долбоорлорду жазып, көп жерге кайрылганы менен суу маселеси чечилбей келген. Акыры алар өздөрү каражат чогултуп, бул көйгөйдү өз күчү менен чече турган болду. Учурда айылдыктар кыштын ызгаарына карабай жер казып, түтүк тартып, ар бир үйгө таза суу жеткирүү менен алек.