"Ак шумкар" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын "атам өлгөндөн кийин анын мүлкүн тартып алууга аракеттенген" деген айыптоосун четке какты.
"Депутат Сурабалдиеванын бул дооматы мен үчүн таңкалычтуу болду. Баштан аяк калп деп баса айта алам. Мага анын эмне себептен минтип калп айтканы түшүнүксүз. Бул анын жеке фантазиясы же мени каралоо үчүн кимдир бирөөнүн берген буйругу", - деп жазды экс-премьер-министр "Фейсбуктагы" баракчасына.
Темир Сариев депутат айымдын атасын да жакшы билгенин белгилеп, бирок дүйнөдөн өтүп кеткен киши жөнүндө унчукпай эле коюуну туура көргөнүн белгилеген.
Эч качан эч кимдин мүлкүн, ишин тартып албаганын, тартып алгысы да келбегенин билдирип, 2005-жылы июнь айында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине оппозиция болуп, саясатта жүргөнүн кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева "Азаттыктын" "Бийлик сырлары" аттуу теледолбооруна курган маегинде 2005-жылкы март окуясынан кийин ошол кезде бийликке жакын адамдар, анын ичинде Темир Сариев коркутуп-үркүтүп, атасынын бизнесин тартып алууга аракет кылганын айткан. (ZKo)