Бакиров спикерди камкордукка алуу тууралуу сунушун артка алды

Мирлан Бакиров.

Бул тууралуу парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, мурда демилгеленген президент, премьер-министр жана төраганы мамлекеттик камкордукка алуу тууралуу мыйзам долбоорун биротоло артка кайтарып алды:

- Мыйзам долбоору жөнүндө коомчулукка бир аз туура эмес маалымат берилип кетти. Нааразы пикирлер көп болууда. Шайлоочуларым да бул мыйзам долбоорунан баш тартып, алып чыкпай эле койсоңуз деген сунуштарын айтышты. Ошондуктан, мыйзамды таптакыр алып чыкпай эле койсомбу деп ойлоп жатам, - деди Бакиров.

Мирлан Бакиров коомчулукка туура эмес маалымат берилип кеткенине мыйзамды жазууда жол берилген техникалык каталар себеп болуп калышы ыктымалдыгын бекемдеди.

Депутат 31-январда "Азаттыктын" "Эки бир" телепрограммасына курган маегинде өзү демилгелеген мыйзам долбоору коомчулуктагы пикирлерди эске алуу менен иштелип чыкканын айткан.


Мирлан Бакиров мындан мурда «Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Долбоор 30-январда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, бирок кайра өчүрүлдү. Долбоордо бүгүнкү иштеп жаткан президент, премьер-министр, төраганы өзүнчө берене менен камкордукка жана коргоого алуу сунушталган. Ошондой эле экс-президент, экс-премьер, экс-спикер боюнча өзүнчө берене каралып, аларга кызматтан кеткенден кийин да коркпой-үркпөй, жумушун аткарышы үчүн кепилдик болушу керектиги айтылган.(BkA/ZKo)