Германия, Франция жана Британия Иран боюнча АКШнын санкцияларын айланып өтүүчү атайын финансылык механизмди ишке киргизгени жатат. Жаңы механизм европалык фирмаларга Иранда иш жүргүзүүгө жол ачат жана Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактап калуу максатын көздөйт.
31-январда күчүнө кирип жаткан мехнизмди иштеп чыгуунун башында Германия, Франция жана Британия турат жана аны алгачкылардан болуп Еврошаркеттеги ушул үч мамлекет киргизгени жатат. "Wall Street Journal" басылмасы жазгандай, жаңы чаралар европалык фирмалар менен иран компанияларынын ортосунда түз акчалай операцияларды жүргүзбөстөн, бартер же товар алмашуу түрүндө соода кылууга жол ачат.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 28-январда Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө:
- Биз Иран бул келишимден чыгып, кайрадан уранды байыта башташын каалабайбыз. Бул Европанын коопсуздугуна байланышкан, биздин кызыкчылыгыбыздагы иш, - деди.
Германия, Франция жана Улуу Британия 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ чыгып кеткенине карабастан, Кытай жана Орусия менен бирге аны сактап калууга аракет кылып келе жатышат. Алты держава менен Ирандын ортосунда түзүлгөн келишимден Вашингтон былтыр май айында чыккан.
Президент Дональд Трамп ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.
АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук 5-декабрда Европа Биримдигин Тегеранга каршы санкция киргизүүгө үндөгөн.