Каракастан чыккан учак Москвага келип конду

Орусиянын "Nordwind" авиакомпаниясынын "Боинг - 777" учагы Каракастын аэропортунан көтөрүлүп баратат. 30-январь, 2019-жыл.

"Flight Radar" системасы көрсөткөндөй, Венесуэланын баш калаасы Каракастан чыккан учак Москванын Внуково аэропортуна келип конду. Орусиянын “Nordwind” компаниясына таандык "Боинг-777" учагы менен ким келгени же анда кандай жүк бар экендиги тууралуу расмий маалымат азырынча жок.

Дүйшөмбүдө "Nordwind" компаниясынын эл ташыган учагы Каракаска барган. Авиакомпаниянын өкүлдөрү “Новая газета” басылмасына учак жүргүнчүсүз кеткенин ырастады.

"Flight Radar" системасынын маалыматына караганда, учак Каракаска барып конгон. Шейшембиде учактын Каракастын аэропортунда турган сүрөтү тартылып калган.

Шейшембиде Венесуэланын парламентинин депутаты Хосе Герра Борбордук банк 20 тоннадай алтынды өлкөдөн чыгарууну пландап жатканын билдирген. Депутат алтын орусиялык авиакомпаниянын учагы менен чыгарылышы мүмкүн деп боолгологон. Бирок ал мынча байлык Орусияга жеткирилеби же жокпу, анысын ырастай алган эмес.

“Bloomberg” басылмасынын булагы билдиргендей, Борбордук банк чындап эле 20 тонна алтынды алып кетүүгө даярдаган. Анын баасы 840 миллион долларга тете жана Венесуэланын алтын корунун 20% түзөт.

Венесуэланын финансы министри орусиялык учак Каракаска келбегенин айтып, алтынга байланыштуу суроого жооп берген жок.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Венесуэладан Орусияга алтын алып келүү планы жөнүндө эч кандай маалыматы жоктугун айтты.

Дүйшөмбүдө АКШ Венесуэланын PDVSA мунай компаниясына санкция киргизип, жети миллиард долларлык активин камакка алган.

АКШ ошондой эле өзүн "утурумдук президент" атаган Хуан Гуайдого америкалык банктардагы Венесуэланын мамлекеттик эсептерин пайдаланууга жол ачкан.