“Талибан” кыймылы “жеке бийлик” орнотууга ниети жок экенин билдирди

"Талибан" кыймылынын Доха шаарындагы кеңсеси.18-июнь, 2013-жыл.

“Талибандын” басма сөз катчысы ушул тапта Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөп турганы кеп болгон куралдуу кыймыл келечекте бийликти толук ээлеп албай, мамлекеттик институттар менен кошо иш жүргүзөрүн билдирди.

Кыймылдын өкүлү Сухаил Шахиндин 30-январдагы билдирүүсү ооган лидерлеринин көнүлүн тынчытууга багытталгандай. Куралдуу топ кошулган кандай гана келишим болбосун ооган бийлигин чочулатат.

Шахиндин "Associated Press" маалымат агенттигине жиберген аудио билдирүүсүндө “Талибан” кыймылы “өз жеринде мекендештерине аралашып” жашагысы келери айтылат.

“Талибан” кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган “Аль-Каида” кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

30-январда Трамп "Твиттер" баракчасына “Ооганстанда 18 жылдан берки согушту аяктоо боюнча сүйлөшүү иштиктүү илгерилеп баратат”, деп жазды.

Өткөн аптада АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу алты күнгө созулду.

«Нью-Йорк Таймс» басылмасы Халилзадга шилтеме кылып, Катардагы жолугушууда АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.