УКМК: Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда эң көп лицензия берилген (видео)

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып мурдагы вице-премьер-министр, Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айтты.

Ал азыркы тапта Зилалиевдин тушунда лицения алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн кошумчалады.

9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. (EBM/KR)