Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 30-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12,
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында аба түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.
Суусамыр өрөөнүндө температура түнкүсүн -26…-31, күндүз -12…-17 градуска чейин төмөндөйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -5…-10 градус суук болот.
30-январда Бишкек жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -3…-5° суук, күндүзгү температурасы 10…12° болот.