Кыргызстандыктар Өзбекстандагы жалпы туристтердин 20% түзөт

Самарканд шаарынын Регистан аянты. 4-август, 2018-жыл.

Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рошидов 29-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, былтыр Өзбекстанга беш миллион турист келсе, анын бир миллиондон ашууну Кыргызстандан барган.

Кыргызстандыктардын өзбек жергесине кызыгуусу 2018-жылы 2,7 эсе арткан. Элчинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактары ич ара академиялык, маданий, диний жана башка багыттарда да мамиле түзүп, коңшулардын бири-бирине кирип-чыгышы көбөйгөн. Быйыл апрель айында Өзбекстандын Термез шаарында "Бахши" деп аталган искусство фестивалы болот, ага Кыргызстандан да коноктор чакырылган.

Элчи Рошидов ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда экономикалык кызматташтык да арбыганын маалымдады. Анын сөзү боюнча, 2018-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода 89,6% өскөн. Өзбекстандан Кыргызстанга 348,2 млн. долларлык товар экспорттолгон болсо, Кыргызстандан 132,8 млн. долларлык товар Өзбекстанга киргизилген. (ZKo)