Аба ырайы: күн ачык болот
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 29-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот.
29-январда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° болот.