"Digital CASA" долбоору боюнча макулдашуу бекитилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ишке ашыра турган «Digital CASA» долбоору боюнча макулдашуу бекитилди.

Тиешелүү документке 26-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Аны көптөгөн талаш-тартыштан кийин парламент былтыр декабрда кабыл алып берген.

“Digital CASA” долбоорун каржылаш үчүн Дүйнөлүк банк 50 млн. доллар бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилмекчи.

Бийлик бул долбоор Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландырууну көздөй тургандыгын билдирүүдө. (NT)