Филиппинде жардырууда курман болгондордун саны 20 кишиге жетти

Филиппин желеги.

Филиппинде 27-январда чиркөөдөгү кош жардырууда курман болгондордун саны 20 кишиге жетти. Алардын жетөө аскер кызматкерлери. 81 адам жарадар болду. "Associated Press" маалымат агенттиги кабарлагандай, бир жардыруучу түзмөк Холо аралындагы католиктердин чиркөөсүндө, эртең мененки сыйынуу учурунда жарылган. Экинчиси ошол жерге жакын собордо жарылды.

Бийликтин маалыматына караганда, курман болгондордун көбү сыйынууга келген кишилер.

Жардыруу үчүн азырынча эч кайсы террордук топ жоопкерчилик алган жок.

Маалыматтарга караганда, Филиппиндин дал ушул районун "Абу Сайяф" аттуу исламчыл террордук топ байырлайт. Мурдараак бул топ "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тилектеш экенин билдирген.