Меңди Мамазаированын "Аймаран" романынын бет ачары өтүп жатат

Менди Мамазаирова.

Жазуучу Меңди Мамазаированын «Аймаран» аттуу романынын бет ачары өттү.

26-январда Бишкектеги Улуттук китепканадагы иш-чарага адабият чөйрөсүндөгү инсандар, окумуштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Роман Эгемендик башталгандан ушул күнгө чейинки кыргыз турмушун Тумар аттуу аялдын өмүрү, тагдыры аркылуу чагылдырган.

Окумуштуу Үмүт Култаева аны "көп катмарлуу социалдык роман" - деп баалады. Чыгармада эки багыт бар, биринчиси - эркиндик, экинчиси - нарк-насил деградациясы.

Менди Мамазирова акын Жолон Мамытовдун жубайы. Маданиятка жана адабиятка кошкон салымы үчүн 2007-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. 1993-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.