Кыргыз-казак министрлери чек арадагы окуяны талкуулашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Бейбут Атамкулов телефондон сүйлөштү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда кыргыз-казак чек арасында 23-январда болгон окуя тууралуу сөз козголду. Тараптар чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө чек арачылар курал колдонгон жагдайды талкуулашты. Сүйлөшүү Казакстандын демилгеси менен болду. Учурда эки өлкөнүн тиешелүү органдары каза болгон жарандын жакындарына керек болгон жардамды берип жатканы белгиленди. Мындан сырткары эки өлкөнүн министрлери эки тараптуу кызматташтыкты, достук жана боордоштукту бекемдөөнү сүйлөштү.

23-январда кыргыз-казак чек арасына жакын мыйзам бузуу боюнча шек саналган адам жоокерлер аткан октон каза тапкан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 23-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган. Ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө жарадар болгон. Казак жараны алган жараатынан каза болгон. (КЕ)