Жалал-Абаддын Аксы районунда Жогорку Кеңештин спикери менен болгон жолугушууга киргизилбеген Жарды-Колот айылынын тургундары нааразы болуп жатышат. Алардын бири Нурбек Тургунов “Азаттыкка” жолугушуу тууралуу угуп, атайын келишкенин айтты:
- Бирок бул жерге жалаң муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер чакырылып, чыныгы карапайым калк киргизилбей жатат. Алдын-ала тизме түзүлүп, паспорт менен гана киргизилип жатат. Спикер атайын аймактарды кыдырып жаткан соң эл менен жолугушуусу керек болчу. Биз айылдагы социалдык маселелерди айтуу максатында келгенбиз.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Аксы районундагы жумуш сапарынын алкагында райондун маданият үйүндө жашоочулар менен жолугушуп жатат. Райондун акимчилиги ага 300гө жакын адам чакырылганын жана тизме райондук мамлекеттик администрация тарабынан алдын-ала даярдалганын билдирди. (RsK)