Аскар Салымбеков: Футболго жаңы стадион куралы

Аскар Салымбеков.

Кыргызстанда жаңы стадион салуу учурдун талабы. Бул тууралуу белгилүү ишкер Аскар Салымбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын "Манас" аэропортунан тосуп алуу учурунда айтты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, заманбап стадионду курууга жалгыз өкмөттүн чамасы жетпей турганын билдирди.

- “Спартак” стадиону (Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион) коопсуздук талаптарына жооп бербей калды. Ал эскирди. 35 миң киши бата турган жаңы, заманбап стадион куруш керек болуп жатат. Сунуштар бар. Муну өкмөт чечет. Бирок жаңы стадион салганга өкмөттүн күчү жетпейт. Күйөрмандар, кыргызстандыктардын баары чогулсак бир стадион сала албайбызбы? Салыш керек. Хорватияда деле заманбап футбол аянты жок экен. Чогулуп алып эле стадион салып атышат. Биз да салышыбыз керек.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулган. Стадионго 19 миң күйөрман батат.

«Ак шумкарларды» бүгүн аэропорттон биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды. Кубатбек Боронов өз сөзүндө футболчулар турнирде мыкты оюн көрсөткөнүн белгилеп, ыраазылык билдирди. (BTo)