"Аэрофлоттун” учагын Ооганстанга бурууну талап кылган киши кармалды

Ханты-Мансийск шаарынын аэропорту. 22-январь, 2019-жыл.

22-январда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарынын аэропортуна конууга мажбур болгон учакты тартип коргоочулар штурм менен алышты. Сургут-Москва каттамында бараткан “Аэрофлоттун” учагын жүргүнчүлөрдүн бири Ооганстанга бурдуруу аракетин көргөн. Ал киши кармалганы кабарланууда. Орусиянын Тергөө комитети Сургут шаарынын мурда соттолгон 41 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөнүн бышыктады. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын жанынан курал табылган жок.

Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренконун айтымында, мас абалындагы жүргүнчү куралы бар экенин айтып коркутуп, пилоттордон багытты өзгөртүүнү талап кылган. Командир Ханты-Мансийск шаарынын аэропортуна чукул конуу чечимин кабыл алган.

Бортто 70тен көп жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү бар болчу. Аларды Москвага башка рейс менен жөнөтүшмөкчү. Тергөө комитети "учакты айдатып кетүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.