Меркел Мирзиёевди Өзбекстанда жасалып жаткан реформаларды улантууга чакырды

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен немис канцлери Ангела Меркел.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Берлинде туруп айтканына караганда, бул - өзбек президентинин Германияга 18 жылдан берки биринчи сапары. Ал 21-январда Берлинде немис канцлери Ангела Меркел, президент Франк-Вальтер Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Меркел өзбек президентин өлкөсүндө жасалып жаткан реформаларды улантууга чакырды.

Мирзиёевдин Меркел менен жолугушууда айтканына караганда, былтыр эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 700 миллион еврону, ал эми немис компанияларынын инвестициясынын суммасы 1 миллиард еврону түзгөн. Өзбек президенти анын сапарын утурлай уюштурулган бизнес форумда 8 миллиард евродон ашык долбоорлор боюнча келишимге кол коюу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун да белгиледи.

Мирзиёев Өзбекстанды 2016-жылдын сентябрынан бери башкарып келе жатат. Ал бул аралыкта коңшулар менен алаканы жакшыртып, саясий туткундардын айрымдарын абактан чыгарып, экономикалык реформаларды баштаган.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгиледи. Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн эркин веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттер болсо Өзбекстанга киргизилбейт.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турат.