Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) оюнунун экинчи таймынын 65-мүнөттөрүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” дагы бир гол киргизди. Ошентип, 1:2 эсебинде Бириккен Араб Эмираттарынын командасы утуп жатат.
Учурда беттешүү курч мүнөздө жүрүүдө. Кыргызстан командасы бир нече чабуул коюп, бирок алар ийгиликсиз болду.
Финалдын 1/8 бөлүгүндөгү оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.
Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 1:2, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп, финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.