Мирзиёев “Азаттыкка”: Чоң ырахмат. Келгиле

Шавкат Мирзиёев Берлиндеги сапарында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул сөздөрдү бүгүн, 21-январда Германиянын борбору Берлинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысынын саламына жооп берип жатып билдирди. Кабарчынын "Азаттык" радиосунан сизге салам!” деген сөзүнө президент Мирзиёев: “Чоң ырахмат. Ден соолукта болгула. Келгиле, келгиле”,- деп жооп кайтарды.

Мунун алдында 15-январдан тартып Өзбекстанда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын, ВВСнин, “Америка добушу” радиосунун, “Фергана” маалымат агенттигинин интернет баракчалары эркин ачыла баштаганы кабарланган.

2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жана ВВСнин Ташкенттеги бюролору жабылып, алардын интернет баракчаларына тосмо коюлган.

Бул эл аралык радиолордун интернет баракчалары Өзбекстанда ачыла баштаганын айрымдар президент Шавкат Мирзиёев Германиядагы сапарына да байланыштырышкан.

Ал Германияга кечээ, 20-январдын кечинде келген. Өзбек президентин бүгүн Берлинде президент Франк-Вальтер Штайнмайер расмий тосуп алды.

Берлинде Мирзиёевдин немис канцлери Ангела Меркел, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алдында “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигин кеңейтүү маселесин козгоого үндөдү.

Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн эркин веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттер болсо Өзбекстанга киргизилбейт.

“Чек арасыз кабарчылар” бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгилейт.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турат. (UE)