Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптар конвенциясын ратификация кылгандан кийин 75тей мыйзам, кодекс жана өкмөт токтомдору өзгөртүлөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
- Жер-жерлерди кыдырганда дээрлик бардык аймактарда майып балдардын ата-энелери билим алууга шарт түзүлбөгөнүн айтып, күндүзгү реабилитациялык борборлорду курууну өтүнүштү. Ошондуктан конвенциянын алкагында биринчи иш-чаралардан кылып ушул маселени өкмөткө киргизебиз, - деди ал.
Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгон, бирок каржы маселесинен улам ал ратификацияланбай келген. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин тармактык комитети "БУУнун Майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды.
Талкууда конвенцияны ишке ашырыш үчүн алгачкы он жылда Кыргызстанга 6 млрд. 647 млн. сом керектелери, бул каражаттын 1 млрд. 575 млн. сому билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга жумшалары айтылган. Ал эми 5 млрд. 72 млн. сому инфраструктураны жакшыртууга сарпталат.
Конвенция майып адамдардын укуктарын коргоого багытталган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 30 миңге жакыны 18 жашка чыга элек. (КЕ)