Цирктин кызматкерлер тобу нааразылык акциясын уюштурду

Цирк кызматкерлери Жогорку Кеңештин алдында нааразылык иретинде оюн-зоок көрсөтүп жатышат. 21-январь, 2019-жыл.

Мамлекеттик цирктин он чакты кызматкери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурду. Акцияга катышкандар эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына нааразы экенин айтышты. Алар ошондой эле цирк тармагынын өзгөчөлүгүн билбеген жетекчинин келишине каршы болушууда.

Циркти буга чейин, 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышуу жүрүп жатканын “Азаттыкка” билидирген. Анын айтымында, учурда төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат. Алардын арасында маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов, жарандык активист Азамат Аттокуров, гимнаст Аида Акматова жана балетмейстер Зарылбек Молдобакиров бар.

Адистер кийинки убакта цирк өтө оор абалга кептелгенин, кызматкерлердин айлык акысы аз экенин жана жамааттын ич ара ынтымагы ыдырап кеткенин билдирип жүрүшөт. (КЕ)