Германиядагы "UWC Robert Bosch" мектеби 2019-жылга кыргызстандык бир окуучуну кабыл алды.
10-11-класста окуу мүмкүнчүлүгүн алыш үчүн ноябрь айынан бери 110 бала документ тапшырып, ат салышкан.
Натыйжада эң күчтүү деген 18 окуучу финалга чыгып, арасынан Токмоктогу “Сапат” лицейинин 10-классынын окуучусу Сезим Чынкожоева тандалды.
Сезим сентябрдан тарта "UWC Robert Bosch" мектебинде билим алат. Ал Кыргызстандан бул окуу жайынан окуган экинчи окуучу болду. (BCh)