Бишкекте "Sports Awards-2018" салтанатынын алкагында Кыргызстандагы алдыӊкы спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылып, мыкты машыктыруучуларга байгелер берилди. Иш-чара ишемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жумабеков акыркы жылдары кыргыз спортунда ийгиликтер арбын болуп жатканына токтолуп, айрыкча былтыр Жайкы Азия оюндарына катышкан улан-кыздар жетишкен ийгиликтер колдоого татыктуу экенин айтты.
Кыргыз спортчулары 2018-жылы биринчи жолу Азия оюндарында 20 медаль алып келишти. Ал эми Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде Кыргызстан үчүнчү жолу биринчиликти кармап калды. (RK)