Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында катуу шамалдан улам кар күрткүсү жолду бөгөп, автоунаалар өтө албай калган:
- Жолду Кара-Кулжа райондук Жол тейлөө мекемесинин техникалары тазалашты. Азыр жол ачык. Жолчулар күрткүгө батып калган автоунааны да чыгарууга жардам беришкен.
Мырзаке - Алайкуу жолуна түшкөн кар күрткүсүнөн улам 11 автоунаа жолдо калганын жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Алардын айтуусунда машиненин ичинде жаш балдар да болгон.(ZKo)