Алматыга жакын жерде тик учак кулады

Иллюстративдик сүрөт.

17-январда Алматыга жакын жерде жеке компанияга таандык тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкуч мерт болду.

Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. "Sky Service" авиакомпаниясына таандык "Eurocopter-130" үлгүсүндөгү тик учак "Алатау" санаториясынын аймагына кулаган.

Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учактын бортунда бир гана учкуч – аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал Тез жардам унаасында көз жумган.

Маалыматтарга караганда, тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.

Окуя териштирилип жатат.