Европарламент азери блогер боюнча резолюция кабыл алды

Мехман Хусейнов

Европалык мыйзам чыгаруучулар азербайжандык блогер Мехман Хусейновду дароо бошотууга үндөгөн резолюция кабыл алышты. Европарламенттин көпчүлүк саясий партиялары колдогон документ Баку бийлигин коррупция менен күрөшкөн активистке каршы жаңы айыптарды алып салууга чакырууда.

Резолюцияда блогердин саламаттыгы камтама кылаары, ага тиешелүү медициналык жардам, жакындары менен жолугушуу уруксат берилүүгө тийиш экени айтылат.

Аткарууга милдеттүү эмес документ Хусейнов жана башка саясий туткундарды азат кылуу Еврошаркет менен Азербайжан мамилелеринде артыкчылыктуу маселе экенин эске салат.

Текстке Азербайжанда медиа жана башка эркиндиктерди камсыздоо чакырыгы да камтылган.

Хусейновго өткөн айда, абактан чыгууга аз калганда бийлик өкүлдөрүнө каршылык көргөзгөн деген жаңы айып тагылган. Ал буга чейин жалган жала жабуу айыбы менен эки жылга кесилген. Өзү жана тарапкерлери муну саясий иш деп санашат.

Блогерди бошотуу талабы менен бир нече активист жана саясий туткундар ачкачылык башташты.