Тбилисинин жака-белиндеги турак жайда газ жарылып, кеминде 5 киши каза тапты. Окуя 16-январда болгонун грузин расмий булактары маалымдашты.
6-кабаттагы батирде болгон жарылуудан дагы 8 киши жабыркады, экөө оор абалда. Имараттагы калган жашоочулар эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар мекемеси жарылууга газдын абага чыгышы себеп болгон деп боолголойт.
Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе 17-январды аза күтүү күнү деп жарыялады. Адистердин айтымында турак жайларда тамак-аш даярдоо жана үй жылытуу үчүн пайдаланылган газ түтүктөрүнүн көбү Грузияда эбак эскирип бүткөн. Газдын аба чыккан учурлары такай катталат.