Бакыт Төрөбаев: Айыппулдар боюнча өкмөт уят болду

Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 1-январдан баштап ишке кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдардын аткарылышы боюнча өкмөттүн ишин сынга алды.

Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында буга байланыштуу маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеште өкмөттүн маалыматын угууну сунуш кылды.

- Беш кодекс, эки мыйзам күчүнө кирди. Айыппул боюнча өкмөт уят болду. Же уят болгон жокпу? Райондук администрацияга барган баладан 5500 сом айыпты да ала албай жатат. “Беш кодекс, эки мыйзамды аткарууга даярданалы” деп жарым жылдан бери айтып келет. Мыйзамдын аткарылышын Жогорку Кеңеш көзөмөлдөйт. Өкмөттү чакырып алып чет мамлекеттен келген жарандар, мыйзам боюнча сурашыбыз керек.

Төрөбаев коомчулуктагы чыңалууну парламентте талкуулоо боюнча демилге көтөрүп, аткаруу бийлиги маалымат таратууда утулуп жатканын айтты.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган.

Өкмөт жол эрежесин бузуулардын айрым түрлөрүнө, көчөдө түкүргөндөргө салынган айыппулдардын өлчөмүн азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылды. (BTo)