Өзбекстан: социалдык түйүндөр кайра иштей баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 14-январдан бери "Facebook", "YouTube" жана "Вконтакте" социалдык түйүндөрү кайрадан жеткиликтүү болуп, иштей баштады.

Социалдык түйүндөргө ээн-эркин кирүүгө мүмкүн болуп жатканын өлкөдөгү бардык интернет-провайдерлердин колдонуучулары ырастап жатышат.

Өзбекстанда "Facebook" социалдык түйүнү 2018-жылы сентябрда ачылбай калган. Кийинчерээк "YouTube" видеохостингине кирүү да кыйынчылык жараткан.

Интернет колдонуучулар сайттардын иштешин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Европага пландалган сапары менен байланыштырып жатышат. Мирзиёев 20-22-январда Германияга барат.