Кыргызстан менен АКШнын жаштары маданий алака түзөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен АКШнын жаштарынын маданий алака-катышын бекемдеген долбоор башталууда. Аны "Youth of Osh" коомдук бирикмеси "New York Folklore Society" уюму менен чогуу ишке ашырат.

2019-жылдын февраль-июль айларына пландалган долбоордун алкагында эки тараптан тандалган 30 улан-кыз Кыргызстан менен АКШнын материалдык эмес маданий мурастарын изилдеп, талкуулайт. Алар өз ара тажрыйба алмашып, Интернет аркылуу тапшырмаларды аткарышат. Ошондой эле алар эки мамлекеттеги ыктыярчылардын эки жумалык лагерлерине катышат.

"Youth of Osh" коомдук бирикмеси сынакка катышуучулардан арыз 25-январга чейин кабыл алынарын билдирди. (SE)