Таласта ӨКМ кызматкери иштен алынганына даттанды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Таластагы башкармалыгында үч жыл иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп иштеген Гүлсара Сооронкулова мыйзамсыз жумуштан алынганын айтып "Азаттыкка" кайрылды:

- Мага 5-октябрда эмгек келишими бүткөнүн айтышты. Жетекчиге кирсем: “Мен сени менен иштеше албайм. Эмгек келишимиң бүттү. Бишкекке барып, министрликтеги юристтер менен да сүйлөшүп келдим”, - деп буйрукту колума карматып койду. Мени жумуштан 81-берене менен кетирип жатат. Ал жерде “эгерде бирөөнүн ордунда убактылуу иштеп жатса же сезондук жумушка убактылуу кирсе эмгек келишими бузулат" деп турат. Мен 2015-жылдын 27-мартынан бери штатта иштеп жаткам.

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Касиев кызматкери иштен атайын комиссиянын чечими менен мыйзамдуу түрдө алынганын айтууда.

Эмгек кодексинин 81-беренеси "Мөөнөттүү эмгек келишимин бузуу" деп аталат. (AlS)