Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүлөрдү издөө иштери дагы эле уланып жатат.
Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер талкаланганы 12-январда белгилүү болгон. Аларды 11-январдын кечинде белгисиз кишилер бузуп, сындырып кеткени айтылган.
Учурда Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү эстеликтерди калыбына келтирип жатышат.
Милиция православ мүрзөсүндө 90го жакын эстелик талкаланганын кабарлады.