Францияда “сары кемселчендер” кезектеги акцияга чыгышты

"Сары кемселчендердин" акциясынан көрүнүш.

Ишембиде Францияда “сары кемселчендер” кыймылынын мүчөлөрү тогузунчу жолу өкмөткө каршы акцияга чыгышты. Парижде сегиз миңдей киши чыгып, полиция Елисей талааларына жакын көчөлөрдү жабууга аргасыз болду. Ал эми шаар борборундагы Триумфалдык арканын жанында полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Ага чейин акцияга чыккандардын арасында коопсуздук күчтөрүнө карай жардыргыч патрондорду ыргыткандар болгон.

Франциядагы маалымат каражаттары жазгандай, 12-январда өлкө боюнча 32 миңге жакын адам нааразылык акциясына чыккан. Алардын ичинде Париж менен катар беш миңге жакын адам Франциянын борборундагы Бурже аймагындагы жүрүштөргө катышты.

Бул күндөрү өлкөдөгү коопсуздукка көз салууга 80 миңге жакын полиция кызматкери тартылды.

Францияда “сары кемселчендердин” акциялары ноябрь айында башталган. Алгач түмөндөгөн адамдар өкмөттөн күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүү чечиминен баш тартууну талап кылган.

Бийлик алардын бир катар талаптарын аткарды, бирок акциялар эми айлык-маянаны көтөрүү жана салыктарды азайтуу талабы менен уюштурулууда.