Ананьеводогу көрүстөндө 90го жакын эстелик талкаланган

Талкаланган көрүстөн.

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө 90го жакын эстелик талкаланган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Буга чейин райондук бийлик маркумдарга коюлган 36 крест жана мрамор эстелик талкаланганын билдирген эле. Көрүстөндөгү кайрадан саноо учурунда талкаланган эстеликтер андан көп экени аныкталган.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, күнөөкөрлөрдү издеп жатат.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш деп баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Азырынча көрүстөндөгү жосунсуз жорукка баргандар кармала элек.(BkA/AsM)