“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайрадан каратуу боюнча 1-январдан тарта күчүнө кирген Жаңы кодекстерге ылайык аракет көрүлөт.
Бул тууралуу аталган партиянын лидеринин орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, Текебаевдин ишин кайрадан каратып, актыгын сотто далилдөө үчүн мыйзамдагы бардык аракеттер көрүлмөкчү.
- Биз буга чейин мыйзамда көрсөтүлгөн бардык аракеттерди пайдаландык. Эми жаңы күчүнө кирген кодекстер боюнча ишти кайрадан каратуу боюнча биздин юристтер аракет кылып көрөт, -деди Сасыкбаева.
Ушул аптада президенттин алдындагы ырайым кылуу маселелер боюнча катчылык коррупцияга айыпталып, сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун кароодон баш тарткан. Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча, иш каралбай турганын билдирип келет.
Өмүрбек Текебаев болсо мындай кадамга барбасын билдирген.
Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады. Бул кодекстердеги өзгөрүүлөргө ылайык, айрым иштер кайра каралышы мүмкүн экени айтылган.(BkA)