Македониянын парламенти өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүнү колдоду. Мындай сунушка парламенттеги 120 депутаттын 81и макул деген добуш берди. Эми бул чечимди Грециянын парламенти жактырышы керек. Грек парламенти бул маселени кийинки аптада талкуулайт деп күтүлүүдө.
1991-жылы коммунисттик Югославия федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония Республикасы деген аталыш менен көз карандысыз өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак да бар болгондуктан расмий Афины келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.
НАТО жана Евробиримдикке мүчө болгон Греция бул талаш жөнгө салынмайынча, Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы экендигин билдирген.
"Түндүк Македония" деген жаңы аталыш боюнча келишимге эки тарап былтыр июнь айында кол койгон. Мындай чечим айрым македондуктардын каршылыгына кабылып, парламенттеги талкуу баш калаа Скопьедеги нааразылык акциялары менен коштолду.