АКШ кийинки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу глобалдык саммит өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео "Fox News" телеканалына билдирди.
Анын 11-январда көрсөтүлгөн бул маегинде айтылгандай, саммит 13-14-февралда Польшада өтөт. Ага Азия, Африка, Батыш өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин лидерлери катышат.
Помпеонун айтымында, анда бул аймакта тынчтык орнотуу жана коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маселелер талкууланат. Ирандын чөлкөмдөгү кырдаалга тийгизген таасирине да көңүл бурулат.
Американын мамлекеттик катчысы ушул күндөрү Жакынкы Чыгыштагы тогуз өлкөнү кыдырып жүрөт. Ал 11-январда Бахрейнге келди. Помпеонун бул сапары Америка баштаган коалиция Сириядан аскерлерин чыгаруу жараянын баштаган учурга туура келүүдө.
Мамкатчы бир күн мурда Каирдеги сапары маалында АКШ Сириядан күчтөрүн чыгарганы менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүн уланта берерин айткан.