Футбол: башкы машыктыруучу Түштүк Корея менен оюнда дарбазачыны алмаштырды

Кыргызстан – Түштүк Корея оюну 11-январда кечки саат 22:00дө башталат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш Түштүк Кореяга каршы оюнга чыкпайт.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жарыялаган баштапкы тизмеде дарбазачынын милдетин Кутман Кыдырбаев аткармай болду.

Кыргызстан 7-январда Кытай командасына 1:2 эсебинде утулуп калган. Ал оюнда дарбазачы Павел Матяш одоно эки ката кетирген.

Ошондой эле Түштүк Корея менен боло турган бүгүнкү оюнга чабуулчу Виталий Люкс алгачкы мүнөттө чыкпайт. Анын ордуна чабуулчу Мирлан Мурзаев негизги курамга кирди.

Кыргызстан – Корея оюну кечки саат 22:00дө башталат. Декабрь айындагы дүйнөлүк футбол рейтингинде Түштүк Корея 53-орунга жайгашса, Кыргызстан 91-орунда турат.

Азырынча «С» тайпасында Кореяда үч упай бар болсо, Кыргызстанда упай жок.

Кыргызстандын футболчулары кызыл түстө талаага чыгат, ал эми кореялык футболчулар ак түстөгү форма киймей болду. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Ал-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өтөт. 25 миң адамга ылайыкталган стадион 2014-жылы салынган. (SDz)